Коргонбай уулу чиновниктердин чет өлкөдө дарыланышына тыюу салууну сунуштады

Эл өкүлү ушундай жол менен Кыргызстанда медицина тармагы өнүгөт деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалаган аткаминерлер, депутаттар ооруп калса, чет өлкөгө чыкканга тыюу салып коюшубуз керек. Сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламентте айтты.
Парламентарий ушундай жол менен Кыргызстанда медицина тармагы өнүгөт деп эсептейт.
"Чоңдорубуздун сырттан дарыланышына тыюу салып койсок, өзүбүздүкү оңолот беле деген ой келет. Ошондуктан чиновник, депутаттардын чет өлкөдө дарыланышына тыюу салышыбыз керек", — деди Коргонбай уулу.
Мындан сырткары, ал шаардагы өлүкканаларда адам каза болгондон кийин ичин кесип текшеребиз деп, туугандары каршы болсо 10-15 миң сомдон алып жатканын айтып, мындай коррупциялык иштерди көзөмөлдөөгө чакырды.
Чет элдик студенттерди медициналык камсыздандыруудан жылына 1 млрд. сом түшөт