Байден кайрадан "мүдүрүлдү": президенттин туулган күн ээсин куттуктаган видеосу

АКШнын лидери деп саналган адамдын видеосу заматта тарап, аны эки миллионго чукул адам көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин укук коргоочуну туулган күнү менен куттуктаган видеосу элди күлкүгө салды деп жазган Newsweek.
Окуя аптанын башында белгилүү укук коргоочу Мартин Лютер Кингге арналган иш-чарада болгон. Президент атактуу укук коргоочунун келини Арндреа Уотерс Кингди (ал дагы укук коргоо жатында эмгектенет) куттуктап, "Happy Birthday" деп ырдап баштап, такалып, кобуранып, аягында туулган күн ээсинин атын таппай калган.
Видео интернетте тез тарап, эки миллионго чукул киши көргөн. Алардын бир катарлары Байденди шылдыңдаган сүрөттөрдү чыгарышкан.
Эске салсак, 80 жаштагы Байден АКШнын эң улгайган президенти. Анын ыңгайсыздыкты жараткан же күлкүлүү учурга тушуккан окуялары акыркы учурда арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Бир нерсе издеген сымал... Байдендин буйдалып калган видеосу