Электр энергиясы качан өчүрүлөрүн элге алдын ала айтып турушат

Буга чейин депутат Дастан Бекешев энергетиктерге кайрылып, электр кубатын өчүрүү графигин жарыялоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Аймактык электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдап турат. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы" ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
"Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндө өтө күч келип кеткендиктен улам жасалган өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр качан болорун аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымдайт", — деп айтылат маалыматта.
Катуу суукка байланыштуу "Кыргызстандын улуттук энергетика тармагы" төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:
компаниянын жетекчилеринин жана жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулду;
объектилерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулду;
өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо кору даярдалды;
оңдоо бригадалары керектүү жабдуулар жана автотранспорт менен камсыз кылынды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев энергетиктерге кайрылып, жарыкты өчүрүү графигин жарыялоого чакырган.
Энергетика министрлиги жарыкты бир-эки сааттан өчүрүп, муну "жөнгө салуу чаралары" деп атоодо.
Министр: электр энергиясын өчүрүп турбасак, бир облус жарыксыз калат