19-январга карата аба ырайы

19-январда республика аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бейшембиде өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3…-8, Талас облусунда -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көл жеринде -3…+2, Нарында -11…-16 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында +2…+4 градусту көрсөтөрү айтылды.
Бишкекти чулгаган ыш: депутаттар өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштады