Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк: украин согушкерлеринин аткылоосунан соң эки аялдын сөөгүн алып чыгышты

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Донецкиде Украина куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан кийин талкаланган урандылардан эки аялдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости ДЭР ӨКМине шилтеме берип кабарлады.
Андан сырткары, агенттиктин Telegram-каналы аткылоонун кесепети кандай болгонун көрсөткөн видео жарыялады.
"ДЭРдин ӨКМи Донецкинин Калинин районундагы жарылуучу заттын кесепетинен талкаланган имаратта, анын айланасында иш алып барууда. Саат 23:50дө куткаруучулар урандылардын арасынан аялдын сөөгүн алып чыгышты. Ал эми 2:28де дагы бир аялдын сөөгү табылды. Биринчиси 1977-жылы, экинчиси 1975-жылы туулганы анык болду", — деп билдиришти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын аткылоосунан ДЭРдеги дүкөн, дарыкана, эл жашаган үйлөр талкаланды