Сузактагы чуулуу окуядан улам айрым прокурорлорду да иштен алуу сунушталды

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилери мыйзам талаптарын бузганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Сузакта милиция кызматкерлеринин кылмыштуу топту калкалап жүргөнү боюнча бир катар прокурорлорду иштен алуу сунушталды.
Коомчулукта чоң резонанс жараткан окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын кызматкерлеринен Жалал-Абад облусунун укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилери тарабынан мыйзам талаптарын бузуу, тергөө жана ыкчам-издөө иштерине талаптагыдай эмес көзөмөлдүк кылуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу жумушчу топ төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди:
Башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов;
Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязов;
Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев;
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиев;
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Т.Кенжебаев.
Өлкөнүн жогорку жетекчилиги жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө дайым мониторинг жүргүзүп турары белгиленди. Мыйзам бузуулар табылып жана күнөөлүү адамдарга карата жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган учурда мындан ары да катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.
Белгилей кетсек, Сузак райондук милициясынын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштарын жашырган факты аныкталып, үч кызматкер кармалган. Бул ишке байланыштуу бир нече жетекчилер да жумуштан бошотулган болчу.
Бишкекте баңгизат колдонгон милиционер кармалды. Видео, сүрөт