Россиядагы кыргызстандык студенттер ММК системасына кошулууга укук алды

Россиянын ЖОЖдорунда 8,5 миңден ашык кыргызстандык билим алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россия ЖОЖдорунда күндүзгү бөлүмдө окуган кыргызстандыктар ушул жылдын январь айынан тарта милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына (ОМС) кирүүгө укук алганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Бул үчүн студент РФ ИИМинин Миграция департаментинен убактылуу жашоого уруксат кагазын (РВПО) алышы керек.
Студенттерге мындай мүмкүнчүлүк Россиянын миграциялык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүдөн улам пайда болду.
Россиянын ЖОЖдорунда 8,5 миңден ашык кыргызстандык билим алат.
Россиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды