Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон менен Мамдепартамент жетекчилиги Зеленскийге жолугуу үчүн Киевге келди

Делегация мүчөлөрү Украинанын премьер-министри жана коргоо министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен коргоо министринин орун басары Колин Кол Владимир Зеленский менен жолугуу үчүн Киевге келгенин РИА Новости Мамдепартаментке таянуу менен жазды.
"Мамлекеттик катчынын орун басары Шерман, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Йон Файнер жана министрдин орун басары Кол президент Зеленский, кеңсесинин мүчөлөрү жана Украинанын аткаминерлери менен жолугуп, АКШнын колдоосун тастыктоо үчүн Киевге жөнөп кетти", — деп айтылат маалыматта.
Делегация мүчөлөрү Украинанын премьер-министри жана коргоо министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишти. Жолугушууда энергетика, өлкөнү калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү жана согуштук колдоо жаатында кеп болгону айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын аткылоосунан ДЭРдеги дүкөн, дарыкана, эл жашаган үйлөр талкаланды