Радио

Шабданбаев: спорт тармагы Маданият министрлигинен бөлүнгөндө ырааттуу өнүгөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев спорт тармагын өнүктүрүүгө жооптуу өз алдынча мамлекеттик орган болушу керектигин айтты.
Sputnik
Спортто бирдиктүү жана так саясат жүргүзө турган бир мамлекеттик органдын, жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ, борборлошкон түзүмдүн болушу учурдагы көйгөйлөрдү чечип, эл аралык аренада кадырын арттырат. Бул тууралуу Канат Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дене тарбия жана спорт түрдүү министрликтердин алдында департамент, агенттик болуп иш жүргүзүп келди.
"Дене тарбия жана спорттун өлкөдөгү орду чоң. Акыркы убакта биздин спортчулар ири эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап, өлкөнү таанытып жатышат. Муну менен биз дени сак улутту түптөп, жаштарды ынтымакка, биримдикке чакырып жатабыз. Демек, спортко мамлекеттик колдоо абдан маанилүү. Буга чейин парламентте Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спорт тармагын бөлүп чыгуу сунушталган. Жакында министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жолдору тууралуу жыйын болуп, бир катар маселелер каралды. Анда спорт тармагын өнүктүрүүгө жооптуу өз алдынча мамлекеттик орган болушу керектиги белгиленди", — деди Шабданбаев.
Ошондой эле аткаминер массалык спортту жайылтуу, дене тарбия усулдарына маани берилип, атайын программалар иштелип жаткандыгын кошумчалады.