Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө жүрүүдө. Жол-жобосу

Вакцина бир жана алты айлык аралык менен үч ирет сайылат. Эмдөө акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Кыргызстанда В гепатитине каршы эмдөө жүрүп жаткандыгын дагы бир ирет эске салды.
Эмдөө 2023-жылдын январь айынан тарта республиканын бардык аймактарында жүрүп жатат.
Боордун оорусун алдын алууну каалаган 23 жаштан 65 жашка чейинки кыргызстандыктар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылышы керек. Алгач эмдөө алдында В гепатитине анализ алынат. Эгер анализдин жыйынтыгы жакшы чыгып боор таза болсо, жаран дарыгердин кароосунан өтүп, вакцинанын биринчи дозасы берилет. Бир айдан кийин вакцинанын экинчи дозасы, алты айдан кийин үчүнчүсү сайылат.
Эгерде В гепатитине карата тапшырылган анализ оң жыйынтык берсе, жаран диагностика жана дарылоо үчүн дарыгерге жөнөтүлөт.
Эмдөө россиялык өндүрүштөгү "Регевак В" вакцинасы менен жүргүзүлүүдө. Бул универсалдуу дарыны жаңы төрөлгөн балдарга да, чоңдорго да колдонсо болот.
Эмдөө гепатиттен коргонуунун эң натыйжалуу жолу. Бишкектик дарыгерлердин кеңеши