Кийиминен тарта сүйлөгөнүнө чейин. Музей кызматкерлерине тапшырма берилди

Музей кызматкерлери келгендерди талаптагыдай тейлөө жана көрүүчүлөрдүн өздөрүн алып жүрүү тартиби боюнча нускама иштеп чыгышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги музейлерге келген адамдарды талапка ылайык тейлөө боюнча нускама иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Анда айтылгандай, тапшырма сапаттуу тейлөө жана музейлердин позитивдүү имиджин калыптандыруу максатын көздөйт.
"Нускамада музейдин касса кызматкерлери, көзөмөлдөөчүлөрү, баяндамачылары жана башка тейлөө иштериндеги бардык жумушчуларынын жүрүм-турумуна, сүйлөө манерасына, келбетине, кийген кийиминин тыкандыгына талаптар эске алынуусу керек. Ошондой эле нускамада келген адамдардын музейде өзүн алып жүрүүсү боюнча тартип иштелип чыгат. Бүгүнкү күндө буйрукту аткаруу боюнча тапшырма музейлерге жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Иштелип чыккан нускама музейлердин маалымат такталарына, сайттарына жана социалдык баракчаларына жайгаштырылат. Министрликтен белгилешкендей, бул иш-аракеттер президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгына ылайык аткарылууда.
Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды