Турак жай кооперативдери соңку жылдары өтө активдешип, аларга алдангандардын көбөйүшүнө уюштургандардын туура эмес системада иш алып барганы себеп. Мындай пикирин Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жай кооперативдери элдик бирикме болгондуктан ага эч бир мамлекеттик орган көзөмөл жүргүзбөйт.
"Өлкөдө 2017-жылдан тарта эле турак жай кооперативдери ачылып, 2004-жылы кабыл алынган мыйзамдын чегинен чыгып иш алып барган учурлар катталды. Анын кесепетинен учурда ондогон кооперативдер банкрот болуп, жетекчилери абакка түшүп жатса, жүздөгөн адамдар же үйдөн жок, же акчадан жок отуруп калышты. Бул жерде ошол кооператив түзүүчүлөрү өздөрүнө жогорку айлык маяналарды коюп, кеңселерди ижарага алып, штаттарды ачып, эстрада жылдыздарын, дин ишмерлерин жана башка атактуу адамдарды жарнамалоого чакырып, юридикалык жактан да мыйзам бузууларга барышкан. Анткени мунун баары бекер эле ишке аша бербейт да, кооперативдер коммерциялык эмес иш алып барган уюм катары катталган, мындай кадамдарга барбашы керек болчу. Жыйынтыгында ашкере чыгымга туш болушту. Бул дагы кооператив түзүүчүлөрүнүн көпчүлүгүнүн аталган тармакта тажрыйба, билиминин жоктугунан кабар берет. Учурда 2004-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору даярдалган. Ушул жумада Жогорку Кеңешке киргизилет. Анда деле мамлекеттик кайсы бир орган турак жай кооперативдерин көзөмөлдөйт деп көрсөтүлгөн жок, бирок көзөмөлдү министрлер кабинети аныктайт деп калтырдык. Бул эми эл өкүлдөрү тарабынан колдоо табабы же дагы кандай алымча-кошумчалар кирет, аны парламенттик жыйындардан кийин билебиз", — деди Сыдыков.
Ал ошондой эле калкты дагы кооперативдерге мүчө болордо өз укуктарын бышыктап түшүнүп алууга чакырды.