Радио

Каныкей: профессионал ырчылар үчүн фонограммасыз ырдоо маселе жаратпайт

Ырчы Каныкей Алымбекова концерттерде жандуу ырдоону колдой турганын айтты.
Sputnik
2023-жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынган мыйзамды ар тараптуу караш керек деген пикирин Каныкей Алымбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фонограмманы таптакыр жоюп салуу да мүмкүн эмес.
"Жеке өзүмдү мисал келтирсем концерттерде жандуу ырдоону колдойм. Иш-чараларда кандай гана аппаратура болбосун көбүнчө жандуу ырдаганга аракеттенем. Телеканалдардагы масштабдуу съемка учурунда фонограмма колдонулуп келе жатканын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Ошол үчүн бул мыйзамды ар тараптуу караш керек. Атайын тартылган теледолбоорлордо мен да фонограмма колдонуп келем. Бирок корпоратив жана концерттердин дээрлик баарында жандуу ырдайм. Фонограммасыз ырдоо жеке мен үчүн маселе жаратпайт. Менин музыкалык эки билимим бар. Негизи эле профессионалдуу ырчылар үчүн жандуу ырдаган көйгөй эмес. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Кандай мыйзам кабыл алынса баш ием. Ооба, бул мыйзам боюнча ар кандай пикирлер айтылууда, бирок жетишкен заманда бул мыйзамга каршы эч нерсе айта албайм. Техниканын өнүккөн заманында турабыз", — деди ырчы.
Ал аппаратура жаман экен деп ырдабай коюу туура эмес экенин кошумчалады.