ЕАЭБдеги кымбатчылык: Казакстан алдына эч кимди салбай келе жатат

Соңку бир нече айдан бери биримдикке кирген мамлекеттердин арасынан коңшу Казакстанда баа өзгөчө жогорулап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өткөн айда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин арасында инфляция кандай деңгээлде болгонун билдирди.
Кеп керектөө сектору тууралуу болуп жатат.
"Былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли дагы деле Казакстанда катталды (20,3 пайыз)", — деп айтылат маалыматта.
Башка өлкөлөрдө абал кандай:
Кыргызстан — 14,7 пайыз;
Беларусь — 12,8;
Россия — 11,9;
Армения — 8,3.
Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап кымбаттап жатат.
Бишкекте суу майдын бир литри 110 сомдон сатылууда. Дареги