Байден купуя документтер боюнча ишти ачык иликтөөдөн баш тартты

Өткөн ишембиде Жо Байдендин Уилмингтон шаарындагы үйүнөн жаңы купуя документтер табылган. Кагаздардын баары Байден вице-президент кызматын аркалап жүргөн учурга тиешелүү экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден купуя документтер боюнча ишти ачык иликтөөдөн баш тартканын Конгресстин Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин төрагасы Жеймс Комер билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Комер Fox News басылмасына берген маегинде ал "президент Байден тарыхта калчу эң ачык администрацияны убада кылып, керектүү учурда андан баш тартып жатканын" белгилеген.
Анын айтымында, Ак үй, улуттук архив жана Юстиция министрлиги кооптуу жерлерде сакталган жашыруун документтерге байланыштуу маалыматты "конгресстен жана коомчулуктан жашырып жатат".
"Бизде президент Байдендин жеке адвокаттарына эч кандай ишеним жок", — деп кошумчалаган конгрессмен.
Ал америкалыктар ачык-айкындуулукка татыктуу экенин белгилеп, конгресс Байдендин администрациясынан табылган кагаздар менен таанышууга, алар тууралуу маалымат алуу үчүн күрөштү уланта берерин айткан.
Ишемби күнү CBS News телеканалы федералдык укук коргоо органдарына таянып АКШ президенти катып койгон 20 жашыруун документ табылганын билдирген. Алардын жарымы Байден атындагы аналитикалык борбордо сакталган, арасында өтө купуя материалдар дагы бар. Калган документтер президенттин Уилмингтон шаарында үйүнүн гаражында сакталып турган.
Кагаздардын баары Байден вице-президент кызматын аркалап жүргөн учурга тиешелүү экени белгилүү болду.
Американын юстиция министри жана башкы прокурору Меррик Гарланд купуя материалдар кантип эксперттик борборго түшүп калганын аныктоого тапшырма берген. Байден мындай документтер тууралуу адвокаты айткандан кийин билгенин айтууда. Ак үйдүн башчысы окуяга таң калып, документтерде эмне катылганынан кабары жоктугун билдирген.
Жо Байден Барак Обаманын администрациясында 2009-2017-жылдары вице-президент болуп иштеген.
Жо Байдендин үйүнөн купуя сыр катылган документтер табылды