Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты

Сузактагы чуулуу окуядан улам айрым прокурорлорду иштен алуу сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Абай Молдокматов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улукбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Сузактагы чуулуу окуядан улам айрым прокурорлорду да иштен алуу сунушталып, жумушчу топ төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизген:
Башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов;
Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязов;
Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев;
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиев;
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Тынчтыкбек Кенжебаев.
Сузактагы чуулуу окуядан улам айрым прокурорлорду да иштен алуу сунушталды