Катуу сууктан улам Ат-Башыда мектептер онлайн окутууга өттү

Кыргызгидромет Нарын облусунда бул аптанын башынан аягына чейин жаан-чачын болбой тургандыгын айткан. Облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -29 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына өткөрүлдү. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен тастыктады.
"Аралыктан окутуу аба ырайынын жакшырышына чейин уланмакчы. Учурда бала бакчалар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деп билдирди министрликтен.
Синоптиктер бул жумада облустун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -29 градуска чейин суук болорун айтышкан.
Эске салсак, катаал аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын бардык мектептеринде каникулдар 16-январга чейин узарган. Ал эми Майлы-Суу шаарынын мектептери киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу онлайн окутууга өткөн.
Майлы-Суу шаарындагы мектептер онлайн окутууга өттү