Ош шаарындагы таза суунун тартыштыгы. Акылбек Жапаров мэрияга тапшырма берди

Элди таза суу менен камсыздоо боюнча жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоо тапшырмасы берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станциянын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жамгыр көп жааган маалда Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлануусунан улам ичүүчү суу берүү токтотулуп жаткандыгы айтылды. Мындан улам министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарынын мэриясынын ишин сынга алды.
"Мен өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган элем. Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңыздар, ээлеген кызматтарды бошотуңуздар. Маселени чече ала турган адамдар чыгат. Ичүүчү таза суу – адамдын эң негизги муктаждыгы", — деди Акылбек Жапаров.
Ал так эсептөөлөрдү даярдап, жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоону тапшырды.
Кыргызстандан долларды накталай түрдө алып чыгууга чек коюлду. Шарты