Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын аткылоосунан ДЭРдеги дүкөн, дарыкана, эл жашаган үйлөр талкаланды

ДЭРдин Элдик милициясынын офицери эки адам каза таап, дагы төртөө жаракат алганын айтты.
Sputnik
Украиналык аскерлер соңку сааттарда Донецкини көздөй НАТОнун 11 ракетасын учурса, Макеевкага залптык ок атуучу реактивдүү системадан 10 ракета кое бергенин РИА Новости өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Маалымат агентикке кезектеги баскынчылык туурасында ДЭРдин Украинадагы аскердик кылмыштарга байланышкан маселелерди жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу боюнча биргелешкен борборунун өкүлчүлүгүнөн кабарлашкан.

"Украинанын куралданган топторунун саат 12:00дө Донецк, эл жашаган Ласточкино багытын карай 155 миллиметр калибрлүү ракета менен аткылагандары каттоого алынды. 12:00дө Ласточкино – эл жашаган Макеевкага (Червоногвардия району) залптык ок атуучу реактивдүү системадан 10 ракета кое берилген", — деп айтылган ведомствонун Telegram каналында.

Мындан сырткары, 12:10до Донецкинин Петровск районун карай 155 миллиметр калибрлүү беш снаряд атылган.
Мурдараак аталган өкүлчүлүктөн дүйшөмбү күнү украиналык аскерлер ДЭР аймагын бир нече ирет бутага алганын кабарлашкан.
Бул аткылоонун жыйынтыгы менен Калинин районунда соода борбору, автоунаа оңдоочу жай жана №46 маршруттук такси талкаланган. Донецк мэри Украина тараптын снаряддары "Авоська" ири дүкөнүнө, аялдамадагы дарыканага, ичимдик заводунун имаратына жана эл жашаган эки үйгө келип тийгенин кошумчалады. ДЭРдин Элдик милициясынын офицери эки адам каза таап, дагы төртөө жаракат алганын айтты.
Тема боюнча:
Донецк: украиналык аскерлер аткылап, Рогозин жаракат алгандан кийинки видео