Радио

Жапаров: тышкы карызга караганда ички карыз кооптуу

Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана финансылык көзөмөл кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров өлкө бюджетинин дефицитине байланыштуу ички карыз өсүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда өлкөнүн тышкы карызына караганда ички карызды жабуу маселеси кооптуу болуп калды. Бул тууралуу Гурас Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көмүскө экономикадан чыгып, салыктын көлөмү көтөрүлүп, ишкерлерге шарт түзүлбөсө экономикалык абал оор бойдон калат.
"Кыргызстанда өлкөнүн тышкы карызына караганда ички карызды жабуу маселеси коркунучтуу болуп баратат. Мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик облигацияларды Улуттук банк чыгарып, банктарга сатып, дефицитти жабат. Өлкө бюджетинин дефицитине байланыштуу ички карыздын көлөмү өсүп жатат. Көмүскө экономикадан чыгып, салыктын көлөмү көтөрүлүп, ишкерлерге шарт түзүлбөсө экономикалык абал оор бойдон калат. Мындан тышкары, Улуттук банк акча кредиттик саясатты туура жүргүзүшү зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле адис президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунушу туура кадам экендигин кошумчалады.