Радио

Чекиров: ОСАГО камсыздандыруунун пайда табуучу түрү болуп саналбайт

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров ОСАГО тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун (ОСАГОнун) тарифтери бардык компанияларда бирдей. Анткени ал милдеттүү болуп, баа мыйзам менен бекитилген. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, компаниялар үчүн ОСАГО камсыздандыруунун пайда табуучу түрү болуп саналбайт.
"Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү болуп экиге бөлүнөт. ОСАГО милдеттүүгө кирип, тарифтери мыйзам менен бекитилген. Башкача айтканда, бардык компаниялар бирдей тариф менен камсыздандырат. Маселен, базалык тариф 1 680 сом болуп бекитилди. Буга унаанын тиби, жылы, мотордун кубаттуулугу жана айдоочунун жашы менен тажрыйбасына карата коэффициент кошулат. Мындан тышкары, автоунааны канча адам колдонгонуна жараша дагы коэффициент жогорулайт. Унааны ар тараптуу камсыздандыруудан (КАСКОдон) ОСАГОнун айырмачылыгы — үчүнчү жактарды камсыздашы. Башкача айтканда, автоунаа менен башканы сүзүп алса, ошол жабыр тарткан адамдын чыгымдарын ордуна коюп берет. Ал эми КАСКОдо камсыздандырылган автоунаанын чыгымдары гана төлөнмөк. Ошондуктан ОСАГО жарандар үчүн пайдалуу. Ал компаниялар үчүн камсыздандыруунун пайда табуучу түрү болуп саналбайт", — деди Чекиров.
Ошондой эле кырсыктан жабыр тарткан адамдар болсо аларга дагы кенемте төлөнөрү кошумчаланды.