Статком Кыргызстанда жашоо минимуму канчага жеткенин маалымдады

Өлкөдөгү аймактардын ичинен Жалал-Абад облусунда жашоо кымбат экени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жашоо минимумунун көлөмү 7 178 сомду түздү, бул бир адам аталган сумма менен бир ай жашай алат дегенди түшүндүрөт.
Улуттук статистика комитети 2022-жылдын аягына карата маалымат берди. Ага ылайык, мурдагы жылга салыштырмалуу өлкөдө жашоо деңгээли 15 пайызга же 1 076 сомго көбөйгөн.
Жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда (7 542 сом) жана Бишкек шаарында (7 306 сом) байкалган.
Ал эми эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 8 025 сом, пенсионерлердики 6 395 сом, балдардыкы 6 099 сом деп белгиленген.
Депутат: пенсияны 6 миң сомго жеткире албай жатасыңар, эл соттошсо жооп бересиңер