Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Россия менен мамилесинин жакшырышы мүмкүн эмес экенин айтты

Путин буга чейин Россия эч качан сүйлөшүүдөн баш тартпаганын, Киев бийлиги эпке келүүгө өзүнө өзү тыюу салып келерин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украина тынчыган соң Россия менен мамилени мурунку калыбына келтирүү мүмкүн болбойт. Бул тууралуу Handelsblatt гезитине маек куруп жатып НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергге айтканын РИА Новости жазды.
"Мурункудай болбойт. Украинада ок атылбай калган күндө дагы Россия менен мамилебиз жакшырып кетет деп күтпөш керек", — деген ал.
Бейшемби күнү Норвегияда өткөн конференцияда Столтенберг Украина чыры кандай болуп бүтөрүнө карабастан "Европадагы коопсуздукка байланышкан кырдаал таптакыр башкача нук алып өзгөргөнүн моюнга алыш керек" деди. Ал мунун баарына "коңшу өлкөлөрдүн баарын көзөмөлгө алууга аракет кылган" Россия күнөөлүү деп эсептейт. Альянс жетекчисинин айтымында, мындай жагдай Россияны Батыш менен касташууга кептеп жатат.
Эскерте кетсек, Украинада 24-февралдан бери атайын операция жүрүп жатат. РФ президенти анын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кыйноого жана кыргынга учураган элди коргоо деп атаган. Президенттин айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуп, Россиянын коопсуздугун кепилдей турчу шарттарды түзүү.
Путин буга чейин Россия эч качан сүйлөшүүдөн баш тартпаганын, Киев бийлиги эпке келүүгө өзүнө өзү тыюу салып келерин эске салган. Ал Москва Украина көйгөйүн күчөтпөй эртерээк бүтүрүүгө кызыкдар экенин айтып келет. Ал эми Батыш Украина согуштук аракеттерди улантышы керек деген пикирде, мындан улам Киевди курал-жарак менен камсыздоосун улантып, Куралдуу күчтөрүн өз аймагында окутуп, машыктырууда.
Эрдоган: Түркия талоонго калган Россия менен алакасын сактап кала алды