Майлы-Суу шаарындагы мектептер онлайн окутууга өттү

Өзгөчө кырдаал режими киргизилген шаарда эл суусуз жана жылуулуксуз калган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу аймактагы бардык билим берүү мекемелери окутуунун онлайн форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Аралыктан окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей, жылуулук берүү дагы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Майлы-Сууда элге жылуулук менен таза суу бериле баштады. Сүрөт