Кыргызстандыктар Орус романстары күнүндө Кремлде ырдашат

Кыргызстандан Москвага үч аткаруучу барары белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктар Орус романстары күнү Кремлдеги мамлекеттик сарайда ырдашат.
"Кремлдеги Орус романстарынын эл аралык күнү. Дүйнөдөгү мыкты 30 үн" деп аталган юбилейлик онунчу программа 4-февралда болот.
Концерттик программага "Романсиада" сынагына катышкандар дүйнөнүн бардык бурчунан келет.
1 / 2

Гнесиных атындагы Россиялык музыка академиясынын студенти Тимур Кожобеков

2 / 2

Бишкектеги "Русский дом" уюмунун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов

Кыргызстандын атынан Кремлдин сахнасына үч аткаруучу чыгат. Алар: Гнесиных атындагы Россиялык музыка академиясынын студенти Тимур Кожобеков, Н.А. Римский-Корсаков атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында билим алып жаткан Ильгиз Үсөнов. Үчүнчүсү — Бишкектеги "Русский дом" уюмунун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов.
Бул долбоор 2017-жылдан бери дүйнөлүк ЮНЕСКО уюмунун колдоосуна алынган.
Кыргызстандык Москвада өткөн "Романсиада" сынагында жеңүүчү болду