Радио

Рахманалиева: Кыргызстанда диндер тууралуу алгачкы комикс жарык көрөт

"Визуалдуу тарых" комиксинин жаратмандарынын бири Айпери Рахманалиева өлкөдө диндер боюнча туура эмес түшүнүктөр арбын экенин айтты.
Sputnik
Февраль айында Кыргызстанда диндер тууралуу алгачкы комикс жарык көрөт. Бул тууралуу Айпери Рахманалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган комикстин негизинде көргөзмө да уюштурулган.
"10-15-январь күндөрү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде Кыргызстанда диндер боюнча алгачкы жолу "Виртуалдуу тарых" аттуу комикстин негизинде көргөзмө уюштурулду. Бул көргөзмө февраль айында чыкчу комикстин тизери деп айтсак болот. 28 беттен турган китепчеде Кыргызстанда кеңири жайылган диндер тууралуу маалымат берилет. Алардын тарыхына китепчеде кенен токтолобуз. Анткени учурда Кыргызстандагы жаштардын көбүнүн диндер тууралуу маалыматы аз. Тилекке каршы, туура эмес багытты тандап алгандар да арбын. Мунун баары жаңылыш маалыматтан келип чыгууда. Ошол үчүн илимдин негизинде биздин өлкөдө кеңири жайылган диндердин тарыхын айтып берүүнү көздөп жатабыз. Бул китепчелер эч кандай чакырык жасабайт, болгону жаштардын туура ой жүгүртүүсүнө өбөлгө болуп, тарыхты эске салат", — деди Рахманалиева.
Ал аталган долбоордун ишке ашуусуна көбүрөөк Кыргыз-Россия славян университетинин дин таануучулар кафедрасынын окутуучулары жана студенттери кызыкдар экенин кошумчалады.