Кыргызстандан долларды накталай түрдө алып чыгууга чек коюлду. Шарты

Белгиленген чектен ашкан учурда каражаттын 10 пайызы кармалат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан долларды накталай түрдө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында кол койгон.
Ага ылайык, төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленген:
резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000 доллардан көп алып чыгууга болбойт;
Кыргызстандын жарандарына жана резиденттерине 10 000 доллардан көп алып чыгууга болбойт;
Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 000 доллардан көп алып чыккан учурда белгиленген чектен ашкан сумманын 10 пайызы кармалат.
Чек ара кызматына жана Бажы кызматына АКШ долларын накталай алып чыгууга бөгөт коюу үчүн зарыл чараларды көрүүгө тапшырма берилген.
Коррупция бар. Депутат доллардын тартыштыгы атайылап жасалууда деп шек санады