Бишкектеги эки райондо апрелдин башына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Маалыматта апрель айына чейин акцияларды шаардагы Максим Горький атындагы паркта өткөрсө боло тургандыгы жазылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Ленин райондорунда ушул жылдын апрель айынын башына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.
Билдирмеге ылайык, аталган эки райондун соту район акимиаттарынын чечимдерин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.
Биринчи май районунда 1-апрелге чейин акцияларды өткөрүүгө болбойт. Маалыматта төмөнкү жайлар белгиленген:
"Ала-Тоо" аянтында;
Эркиндик проспектинде — Линейная көчөсүнөн баштап Чүй кең көчөсүнө чейин марш уюштурууга болбойт;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында;
УКМК имаратынын алдында.
Ленин районунда тыюу 2-апрелге чейин салынган, бирок акцияларды өткөрүүгө болбой турган жайлар аталып көрсөтүлгөн эмес.
Маалыматта ага чейин митинг, акцияларды Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький атындагы паркта өткөрсө боло тургандыгы жазылган.
Кыргызстандан ЕАЭБден сыртка жыгач ташууга тыюу салынды