Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Америкага кул болушубуз керекпи?" Хорватия президенти Украина боюнча үн катты

Буга чейин Зоран Миланович украин аскерлеринин Хорватияда машыгуусуна каршы чыгып, өлкөгө коркунуч туудурарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Хорватиянын президенти Зоран Миланович Вашингтон менен НАТО Россияга каршы украиналыктардын колу менен согушуп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү Istra24 басылмасы жазган.
"Вашингтон жана НАТО Украина аркылуу Россияга каршы прокси согушун жүргүзүп жатат. Мен Москвага каршы санкциялардын түпкү максатын көрбөй турам. Негизги план Путинди кетирүү же санкциялар эмес. Бул куру сөз. Биз муну менен эч нерсеге жетише албайбыз. Милошевичти да санкциялар менен сындыра алган эмес. Согуш болордо эле санкция сала калат. Анан биз эмне болушубуз керек? Америкага кул болобузбу?" — деген ал.
Буга чейин Хорватиянын башчысы украин аскерлеринин өлкөдө машыгуусуна каршы чыгып, муну ал мамлекет үчүн коркунуч катары сыпаттаган. Парламент да бул демилгени колдогон болчу.
Эрдоган: Түркия талоонго калган Россия менен алакасын сактап кала алды