Фастфуд боордун май басып кетишине алып келет

Изилдөөнүн алкагында эксперттер 4 000 адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды талдап чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Окумуштуулар фастфудду көп жесе боор олуттуу ооруга чалдыгарын аныкташты. Бул тууралуу Science Daily жазды.
Толук же кант диабети менен ооруган адамдар күнүгө фастфуд жесе боорун майбасып кетери айтылат.
"Оорубаган боордун курамында анча-мынча май болот, бирок 5 пайыздан ашпашы керек. Бир аз көбөйүп кетсе эле ал илдетке айланат", — деп айтылат маалыматта.
Бул абал боор стеатозу деп аталат. Ал боордун циррозуна алып келиши мүмкүн, бул рак же боордун толук иштебей калуу коркунучун жогорулатат.
Окумуштуулар 2017-2018-жылдары АКШда 4 000 америкалык катышкан улуттук сурамжылоонун жыйынтыгын талдап чыгышты. Респонденттердин 52 пайызы фастфуд жесе, 29 пайызы аны күн сайын жей турганын айтышкан. Бул адамдардын баарынын боорунда май көп экени аныкталган.
Имбирди кандай учурда колдонууга болбойт? Адистин кеңеши