Энергохолдинг: электр кубатынын бир саатка өчүрүлүшү — жөнгө салуучу чара

Кээ бир учурда электр энергиясы бир саатка өчүрүлүп калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Электр кубатынын бир саатка өчүрүлүшү — жөнгө салуучу чара. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасы Таалайбек Байгазиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу Кыргызстанда абал кыйла жакшы.
"Айрым учурда жарык бир саатка чукул өчүрүлүп калууда. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө жатпайт, болгону жөнгө салуучу чара", — деди Байгазиев.
Ал ашыкча пайдалануудан улам зымдар менен трансформаторлор иштен чыгып, подстанциялардын жүгүн жеңилдетүү үчүн абоненттерди башка түйүнгө кошууга туура келип жатканын белгиледи. Байгазиев бул адаттан тыш көрүнүш эмес экенин кошумчалады.
Кытайдын улуттук компаниясы Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курат