БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда 50 тыйынга кымбаттады.
Учурда борбор калаада доллар орто эсеп менен 87,17 сомдон сатылып, 86,17 сомдон сатып алынууда. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда бир доллардын баасы 87,20 сомду түзгөн.
Евронун курсу өткөн жумага карата 34 тыйынга кымбаттап, 94,56 сомдон сатылууда. Ал эми рубль 1,3 сомдон сатылып, 1,24 сомдон сатып алынууда.
Учурда бир теңге 0,2 сомдон сатылып жатат.
Алтын куймаларынын алты түрү тең кымбаттаган. Мисалы, 10 граммдык алтын куйма бүгүн 55 390 сомдон, 100 граммдыгы 549 342,5 сомдон сатылууда.