17-январга карата аба ырайы

17-январга караган түнү жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. 17-январь, шейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -6...-11, Талас аймагында -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5 градус, Ысык-Көл өрөөнүндө -4...+1 градуска чейин жылыса, Нарын жергесинде -12...-17 градуска чейин суук болот.
Борбор калаада күндүн табы -6...-8, Ош шаарында -1...-3 градус суук болору болжолдонду.
Көмүр биринчи иретте элге эмес, ТЭЦке берилет. Министрлик токтом чыгарды