Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия акыйкатчысы Украинанын туткундарды кыйнап жатканын далилдөөчү кадрларды алды

Москалькова бул маселе боюнча Россиянын тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкинге кайылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Украинанын Куралдуу күчтөрү туткундалган россиялыктарды кыйнаганын далилдөөчү кадрларды алганын Telegram каналы аркылуу билдирди.
“Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн, БУУнун кыйноолорго каршы комитетин, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Европа комитетин, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарын, Эл аралык Кызыл ай комитетин украин тараптан тез арада 1949-жылкы Женева конвенциясын сактоону талап кылышын чакырабыз. Анда кыйноолордун бардык түрүн колдонууга, адамдын ар-намысын басмырлаган аракеттери жана зомбулуктарды жасоого тыюу салынат”, — деп жазган Москалькова.
Акыйкатчынын айтымында, туткунга түшкөн россиялык аскерлердин туугандары аларды мазактаганы тартылган кадрларды көрсөткөн.
“Белгисиз аккаунттардан аскерлердин апаларына балдарын мазактап, эгер акча жөнөтүшпөсө өлтүрүп саларын айтып коркуткан виделорду жиберишкен. Бул — улутчулдарга карата келечектеги трибунал үчүн дагы бир далил”, — деди акыйкатчы.
Москалькова бул маселе боюнча Россиянын тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкинге кайрыларын айтып, Коргоо министрлиги менен биргеликте аскерлерди барымтадан бошоторуна ишеним артты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада атайын операциядан бери канча адам көз жумду? БУУнун эсептөөсү