Ош облусунда суук болбойбу? 22-январга чейинки аба ырайы

Жума ичинде түнкүсүн -15...-17 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Алдыдагы аптада Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, облустун аймагында 16-январдан 22-январга чейин күн ачык турат. Дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Ош шаарында дагы ушундай эле аба ырайы күтүлөт.
Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -15...-17 градус болуп турат.
Чүйдө кийинки аптада аба ырайы кандай болот?