Непалда учак кулап, ичинде бараткан 72 адамдын баары набыт болду. Видео

Самолет Покхардан Катмандуну көздөй багыт алган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Непалда жүргүнчү ташыган ATR 72 учагы кулап, ичинде бараткан адамдардын баары каза болду. Бул туурасында Индиянын News18 телеканалы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.
Самолет бүгүн Покхар шаарындагы эски жана жаңы аэропорттун ортосуна кулап түшкөн. Аба кемесинин бортунда 68 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Тилекке каршы, бири дагы аман калган эмес.
Жергиликтүү Yeti Airlines авиакомпаниясына таандык учак Покхардан Катмандуну көздөй багыт алган болчу. Кырсыктын себеби такталууда.
Жардамга бараткан тик учак аскага урунуп, жарылып кетти. Грузиядагы видео