Непалда кулаган учактан аман калгандар бар экени айтылды

Аба кемесинин бортунда 68 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Непалда кулаган учактын ичинде аман калгандар бар. Бул туурасында AFP басылмасы билдиргенин РИА Новости билдирди.
“Биз азырынча 29 адамдын сөөгүн таптык. Ошондой эле аман калган кээ бир кишилерди ооруканага жөнөттүк”, — деп жазган агенттик жергиликтүү аткаминерге таянып.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-январда, Непалдын Покхар шаарындагы эски жана жаңы аэропорттордун ортосуна кулап түшкөн. Аба кемесинин бортунда 68 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Жергиликтүү Yeti Airlines авиакомпаниясына таандык учак Катманду шаарынан учуп чыккан болчу.
Жардамга бараткан тик учак аскага урунуп, жарылып кетти. Грузиядагы видео