16-январга карата Кыргызстандагы аба ырайы

Жаңы аптанын башында сууктун табы бир аз кайтат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3…-8, Талас жергесинде -6...-11 градуста кармалат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...-6, Ысык-Көлдө 0...-5, ал эми Нарында -10...-15 градус суук болот.
Термометр эртең Бишкек жана Ош шаарларында -4...-6 градусту көрсөтөт.
Сууктун мизи кайтабы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы