Кыш келгенде эле Бишкекти кара түтүн каптап, абанын булгануу көрсөткүчү чегинен ашып дем алууга оор болууда. Бул өз кезегинде бир топ ооруларды козгоп жатат. Бул тууралуу Акылбек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кеп кылды.
Анын айтымында, кечке маал, түн ичинде жана күн сууктаган маалда ыш коюулай түшөт. Бул учурда көчөгө чыккан адам бир жерден экинчи жерге жетип алганча респиратордук маска тагынып алса болот.
"Бишкекти кышкысын каптаган ыштын курамында озон, азот жана күкүрт оксиддери, көптөгөн органикалык бирикмелер, фотооксиданттар кирет. Кир аба менен дем алуу, албетте, ден соолукка зыяндуу. Ыштагы катуу бөлүкчөлөр өпкөгө кирип, андан канга өтүп кычкылтек алмашуу процессин кыйындатат. Бул өнөкөт ооруларды, анын ичинен айрыкча өпкө ооруларын пайда кылат. Алсак, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу, бронхиалдык астма, түрдүү өнөкөт илдеттерди (рак) козгойт. Анткени абадагы майда бөлүкчөлөр денеге киргенден кийин ички органдар сезгене баштайт. Абанын сапатынын индексинин нормасы адатта 35 болсо, Бишкекте бул көрсөткүч 250-300гө чыгып жатат. Демек, бул абанын курамында химиялык заттар абдан көбөйүп кеткенинен кабар берет. Ыш 15 жашка чейинки, 65 жаштан жогорку курактагы, аллергиясы, өнөкөт оорусу бар адамдарга кооптуу. Азыр бул маселе чечилгиче иммунитетти көтөрүү, башкача айтканда, сүт азыктарын пайдалануу зарыл. Андан сырткары, бет кап тагынууну сунуштайм. Эшиктен келгенде оозду, мурун көӊдөйүн чайкап, сырткы кийимдерди жууп салуу керек", — деди Исаев.
Ал Бишкекте жашагандар көбүрөөк тоолуу райондорго чыгып, спорт менен машыгып, сергек жашоо образын карманышы керектигин кошумчалады.