Түндө “Орто-Сай” базарынан өрт чыгып эт саткан павильондор күйдү. Видео

Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Түндө “Орто-Сай” базарынан өрт чыгып, 180 чарчы метр жерде жашылча жана эт саткан жайлар күйдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Өрт өчүрүү кызматына маалымат саат 02:38де түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн 4 бөлүгү тартылып, тилсиз жоону саат 5:10до толугу менен өчүрүп бүттү.
Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталып жатат.
Бишкектин четинде балдар үйүнөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Видео