Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада атайын операциядан бери канча адам көз жумду? БУУнун эсептөөсү

Уюм бул статистикага Донбасста көз жумгандар кирер-кирбестигин тактаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Украинада 2022-жылдын 24-февралынан бери 7 миңдей киши көз жумуп, 11 миң адам жаракат алды. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын маалыматына таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Уюм калк арасында 18 096 адам жаракат алып жана көз жумганын тастыктайт... Анын ичинде 6 952си каза тапса, 11 144 адам жаракат алган. Чыныгы сандар алда канча көп болушу мүмкүн", — деди Дикарло.
Ал бул статистикага Донбасста көз жумгандар кирер-кирбестигин тактаган жок. Анын айтымында, миллиондогон киши үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду.
"Биз Европадан баш паанек издеп барган 7,9 миллион адамды кабыл алган өлкөлөргө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз качкындар мындан ары да бирдей укуктарга жана кызмат көрсөтүүлөргө ээ болсо дейбиз. Үйүн таштап качып чыгууга аргасыз болгондордун көбү аялдар жана кыздар", — деген ал.
Дикарлонун айтымында, Украинанын өтүнүчү менен БУУнун өнүктүрүү программасы Дүйнөлүк банк менен биргеликте өлкөнүн белгилүү тармактарына келтирилген зыянды баалоо процессин баштады.
Маалыматтарга ылайык, өлкөнүн чыгышындагы жана түштүгүндөгү эң көп жабыркаган аймактарда объекттердин 15 пайызы жарым-жартылай же толугу менен иштебей турат. Ал эми Донецк, Запорожье, Николаев жана Харьковдо объектилердин 50 пайызы иштен чыккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин аскерлер үчүн кошумча социалдык кепилдиктер жөнүндө жарлыкка кол койду