Түркиянын стипендиялык программасына каттоо жүрүп жатат

Министрлик стипендиялык программага расмий сайттан гана катталуу керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. "Түркия Стипендиялары 2023" программасына каттоо 2023-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бул Түркия тарабынан кыргызстандыктарга бюджеттик негизде билим алууга мүмкүнчүлүк берген программа. Анда Түркиянын жогорку окуу жайларынан бакалавр, магистратура жана Phd докторантура багыттарында билим алууга болот.
Министрлик "Түркия Стипендиялары 2023" программасына каттоо бир гана https://www.turkiyeburslari.gov.tr/ сайты аркылуу жүргүзүлөрүн эскертти.
Кытай менен Венгриянын ЖОЖдоруна кабыл алуу 15-январга чейин узартылды