Кыргызстандык модель "Аалам сулуусу" сынагына катышып жатат. Видео

18 жаштагы Алтынай дизайнерликке окуйт, модель болуп иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Алтынай Ботоярова "Аалам сулуусу" сынагына өлкөнүн атынан катышып жаткан видеосун социалдык тармактарга жарыялады.
Cулуулар сынагы АКШда өтүп жатат, финал бүгүн кечинде болот. Буга чейин 18 жаштагы Алтынай жарым финалга чыккан.
Сынакта мүчүлүштүк болуп, Ботоярова сахнага чыкканда алып баруучу өлкөнүн атын алмаштырып, Казакстан деп атап алган. Кийин уюштуруучулар кетирген катасы үчүн кечирим сурашкан.
Алтынай дизайнерликке окуйт, модель болуп иштейт. 2021-жылы 30га жакын кыз жарышкан "Мисс Кыргызстан" улуттук сынагында жеңүүчү болгон. Бир жыл мурда ушул эле кароодо Алтынай Ботоярова биринчи вице-мисс наамын алган.
Ал 2020-жылы да "Мисс Бишкек" сынагынын жеңүүчүсү болуп, бала кезинде Mini Miss Fashion 2010 жана Miss Fashion 2014 сынактарында алдыңкы орундарды ээлегендиги маалым болгон.
Айжан Чаначева "Жер сулуусу" сынагына катышуу үчүн Манилага жөнөп кетти. Сүрөт