Жапаров менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?

Президенттер эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттукташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бүгүн, 14-январда, өз ара макулдашууга ылайык, президент Садыр Жапаров Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттукташкан.
"Акыркы отуз жылда мамлекеттер достуктун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүргөндүгү белгиленди", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан кабарда.
Андан сырткары мамлекет лидерлеринин көп тараптуу түзүмдөрдүн платформаларында кызматташуунун, БУУнун жана башка аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн позитивдүү тажрыйбасы туурасында да айтылган.
Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешкен.
Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Талкууланган маселелер