Кыргызстан менен Беларустун коргоо министрлери жакын арада жолугушууну макулдашты

Буга чейин 2023-жылга эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу планы бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен беларустук кесиптеши Виктор Хренин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Sputnik Беларусь маалымдады.
Ал телефондук сүйлөшүү тууралуу Беларустун коргоо министринин эл аралык аскердик кызматташтык боюнча жардамчысы Валерий Ревенко да өзүнүн Twitter баракчасына жазган.
"Беларусь менен Кыргызстандын коргоо министрлери телефондон сүйлөштү. Эки тараптуу мамилелердин бир катар маселелери талкууланып, жакынкы аралыкта жекеме-жеке жолугушуу макулдашылды", — деп жазган Ревенко.
Бирок сүйлөшүүнүн жана алдыда боло турган жолугушууда эмне талкууланары так айтылган жок.
ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусунда Беларустун Коргоо министрлигинин, анын ичинде Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен 2023-жылга карата эки тараптуу кызматташуу пландары бекитилгени маалым.
Ошол эле учурда генералдар Виктор Хренин менен Бактыбек Бекболотовдун жолугушуусу болгон. Беларустун Коргоо министрлигинин расмий баяндамасында, тараптар “аскердик тармакта эки тараптуу кызматташуунун абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты” деп айтылган.
Алар ошондой эле “эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экендигин” белгилеп, “аскердик байланыштарды мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгын" билдиришти.
Министр Бекболотов: Кыргызстандын 6-7 тик учагы чет өлкөдө оңдолууда