Радио

Тобокелов: командалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурулат

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Мелис Тобокелов командалык спорттун түрлөрү көп акчаны талап кылгандыктан жакшы өнүкпөй келгендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстан кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу өлкө. Бирок инфраструктуранын талаптарга жооп бербегендиги негизги көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу Мелис Тобокелов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, олимпиадалык дисциплиналардын ичинен командалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө да көңүл бурулат.
"Кыргызстан кышкы спортту өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу өлкө. Бирок инфраструктуранын талаптарга жооп бербегендиги негизги көйгөй бойдон калууда. Кышкы спорт салыштырмалуу каражатты көп талап кылат. Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция кышкы спортту жана командалык спортту өлкөдө жайылтууга бел байлайт. Чоң спорттун пайдубалын өспүрүмдөр түзгөндүктөн аларга көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Бизге бөлүнгөн акчаны рационалдуу пайдалануу үчүн командалык эмес, жеке спорттун түрлөрүнө пайдалануу натыйжа берет. Ага байланыштуу көп командалар эл аралык мелдештерге бара албай калышат", — деди Тобокелов.
Ошондой эле адис командалык спорттун түрлөрүн ири ишкерлердин, компаниялардын көмөгү менен илгерилетүү натыйжа берерин кошумчалады.