Бишкектин четинде балдар үйүнөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Видео

Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. ӨКМ жабыркагандар жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрт кечээ, 13-январь күнү, саат 19:00 чамасында чыккан. Жерине ыкчам түрдө эки өрт өчүрүүчү бригада жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.
"Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок", — деп билдирди министрлик.
Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толугу менен саат 23:08де өчүрүлгөн.
Анын кесепетинен эки кабаттуу балдар үйүнүн 320 чарчы метр чатыры жана экинчи кабаттагы буюмдар күйүп кеткен.
Суу түтүктөрү тоңуп... Майлы-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди