Катуу суукта автоунааны оңой от алдырса болот. Эксперттин кеңеши

Адис заманбап кыймылдаткычтарды көпкө ысытууга кажет жок экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Сыртта -20 градус болуп жатканда унааны кантип оңой от алдырууга болот? Бул суроого автоунаа эксперти Иван Храмцов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде жооп берди.
Храмцов өтө катуу суукта унааны от алдырардан мурун бир-эки ыкманы колдоно коюу керектигин айтты.
"Эгерде автомашина катуу суукта көп убакытка чейин туруп калса адегенде бир нече ирет күйгүзүп, кайра өчүрүп коюу керек. Мындайда бензин менен жүргөн унаанын май өткөн насосу инжектордун ичинде басым жаратып, кыймылдаткыч оңоюраак ишке кирет. Эгерде сиздин унааңыз дизель менен жүрсө анда кечиктирбестен унааны от алдырууга көмөктөшчү мотордук шамдарды каратуу зарыл. Аяздуу суукта унааны жүргүзүүдө алыскы жарыкты күйгүзүп алуу да ашыктык кылбайт. Бул аккумуляторго кошумча күч келтирип, анын оңой от алышына шарт түзөт", — деди автоунаа эксперти.
Ал автомашинаны от алдырган соң айдап кеткенге чейин үч-төрт мүнөт күтө туруу жетиштүү экендигин белгилеген. Эксперттин айтымында, заманбап кыймылдаткычтарды көп убакытка чейин ысытып турууга зарылчылык жок.
Адис автоунаа менен күрткүдөн кантип чыгып кетсе болорун айтып берди