Акылбек Жапаров өлкөдөгү заманбап заводго барып, анын иши менен таанышты. Сүрөт

Заводдун продукциясы Кореяга, Германияга жана Кытайга экспорттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүргөн заводго барганын өкмөттөн билдирди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүргөн заводго барганын өкмөттөн билдирди

2 / 4

Өкмөт башчысы заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыккан

3 / 4

Ишкананын өндүрүш линиясында заманбап станоктор, ошондой эле өздөрү иштеп чыккан уникалдуу жабдуулар орнотулган

4 / 4

Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика, химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулары айтылган

Өкмөт башчысы заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыккан.
"Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Кореяга, Германияга жана Кытайга экспорттолот. Жапаров "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коомуна өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ишкананын өндүрүш линиясында заманбап станоктор, ошондой эле өздөрү иштеп чыккан уникалдуу жабдуулар орнотулган.
Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика, химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулары айтылган.
Жапаров менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?