Радио

Касымалиева: 50гө чыкканда эки жаңы жумуш баштадым

Актриса, режиссёр, сценарист Шайыр Касымалиева алдыда пенсия курагындагы адамдарга шык берчү тасма тартууну пландап жатканын айтты.
Sputnik
Жаш курак адамдын өсүп, өнүгүүсү үчүн эч убакта тоскоолдук болбошу керектигин Шайыр Касымалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, карыганда үйдө отуруп, жашоону супсак өткөрүү чоң жаңылыштык.
"Мен азыр пенсиядамын. Жаш өткөн сайын адамдардын көбү өз кызыкчылыктарын жоготуп койгонун байкадым. Мага да жаш курак боюнча ар кандай сын-пикир айтылып келет. "Карыганда жаштарды туурабай неберелерди багып, үйдө эле отурбайсыңбы" деген комментарийлерди да жазып калышат. Эмне үчүн адам карып калдым деп үйдө отуруш керек? Эмне үчүн башка эле бирөөлөр карып калдың үйдө отур деп буйрук бериш керек? Минтип айткандардын өздөрүнүн жан дүйнөсү жакыр. Менин көз карашымда адамдын өсүп, өнүгүшү үчүн жаш курак тоскоолдук жаратпашы керек. Адам кайсы куракта болбосун жашоосун супсак эмес, кызыктуу кылып өткөргөнгө аракет кылуусу зарыл. Жеке өзүмдү мисал келтирсем, 50гө чыкканда эки жумуш баштадым. Мындан ары да жаңы долбоорлорду, жаңы идеяларды жаратууну көздөп жатам. Жаш өткөндө деле небереге да, сүйүктүү жумушка да убакыт бөлүп, жетишсе болот. Мен жашоомду кооздоп, кызыктуу кылып өткөрүп жаткан айыммын. "Эл эмне дейт?" деп корксоңор өзүңөрдүн жашооңорду толук кандуу жашай албай бул өмүрдөн өтүп кете бересиңер", — деди актриса.
Ал жаштыгынын көпчүлүк жылдары "эл эмне дейт?" деген ой менен өткөнүн кошумчалады.